Menu

Фото – Нур-Султан шаарында өткөн “Шыктандырган өсүш: адамдар, шаарлар, экономика” темасындагы XII Астана экономикалык форумуна КРнын экс-президенти Роза Отунбаева катышты

Бөлүшүү:

2019-жылдын 16-майында Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти – Элбашы Н.А. Назарбаевдин жана мамлекет башчысы К-Ж. Токаевдин катышуусунда өткөн “Шыктандырган өсүш: адамдар, шаарлар, экономика” темасындагы XII Астана экономикалык форумуна Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева катышты. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Р. Отунбаева “Туруктуу социалдык өнүгүүгө жетүү үчүн санариптештирүү” Казакстандагы санариптештирүү боюнча Эл аралык эксперттик кеңешке, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Биринчи Казакстан форумуна катышты. БУУ башка мүчө-мамлекеттери сыяктуу эле Казакстан камсыздоо милдеттенмесин өз мойнуна алган. Казакстандын улуттук ыкмасы жана ТӨМ (Туруктуу өнүгүү максаты) чөйрөсүндөгү жетишкендиктери 2019-жылдын июлунда БУУ Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги Саясий форумунда Ыктыярдуу улуттук отчет формасында берилет. “G-Global Платформасы” пленардык стратегиялык сессиясында негизги спикер катары чыккан Р.И. Отунбаева Борбор Азия өлкөлөрүн экономикаларды диверсификациялоого интеграциялоо, сооданы кеңейтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана БА өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара инвестицияларды тартуу зарылчылыгын баса белгилеп кетти. Бул контекстте экс-президент адам ресурстарын өнүктүрүүнүн, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуунун, жогорку
технологиялар, IT жана жасалма интеллект чөйрөсүндөгү адистерди даярдоонун маанисин баса белгиледи. Борбор Азия өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн G-Globаl платформасынын базасында туруктуу сессияларды уюштурууга чакырды.

“Аялдар илимде, инновацияларда жана бизнесте” панелдик сессиясында негизги спикер катары Р.И. Отунбаева кыргыз аялдарынын өлкөнү демократиялык өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу айтып берди. Аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанисин баса белгилеп, аялдардын илимге, инновацияларга жана экономикалык өнүгүүгө кошкон салымдарын жогорулатуунун жолдорун сунуштады.

Р.И. Отунбаева АЭФ катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, коргоо жана аэрокосмос өнөр жай министри А.К.Жумагалиев, “Жашыл технологиялардын жана инвестициялык долбоорлордун эл аралык борбору” УАКнын жетекчиси Р.С.Жошыбаев жана башка АЭФ катышкан эл аралык эксперттер менен жолугушууларды өткөрдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: