Өзүңүздү өтө эле майлуу, таттуу, туздуу, эттүү, ошондой эле холестеринге бай азыктар (жумуртка, майлуу сыр, икра) менен эркелеткениңизди жүрөк сүйбөйт. Мындай азыктарды чегинен ашыкча колдонуу – жүрөккө зыян.
• Кумшекер менен туз – жүрөктүн баштан берки душмандары. Аларды аз өлчөмдө колдонсоңуз, жүрөгүңүз сизге ыраазы болот.
• Эгер сиз күнүнө төрт кружкадан көп кофе ичсеңиз, жүрөгүңүзгө чоң зыян алып келген болосуз. Кофеин жүрөктүн жыйрылуусун күчөтүү менен ага ашыкча жүк алып келет. Андыктан, жүрөк ооруларынын башаты дал ушул сиз сүйгөн кофе болуп калышы толук мүмкүн.
• Булардан тышкары, жүрөккө аёосуз терс таасирин тийгизүүчү нерсе – стресс. Эгерде стресске жол бербесеңиз, оз жүрөгүңүздү сактаган болосуз.
• Дайыма толгон-токой жумуштарды башыңызга үйүп алып, алардын айынан эс алууну курмандыкка чалсаңыз, бул да жүрөк үчүн зыяндуу.
• Ашыкча салмак – жүрөккө болгон кошумча жүк. Өз салмагын нормасында сактап жүргөн адамдарга салыштырмалуу семиз адамдарда инфаркт коркунучу төрт эсеге жогору.
• Тамеки тартуудан кан тамырлар тарыйт, жүрөктүн жыйрылышы жогорулайт. Ал эми никотинге алкоголь кошулганда жүрөктүн бузулушу эки эсе тездейт.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ