Бүгүн, 19-февралда Бишкектеги Т.Айтматов жана Салиева көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы болжол менен саат 15:40та болгон.
Алардын айтымында, “Мерседес Спринтер”, “Митсубиси” жана “Мазда” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Жеңил автоунаа маршрутканын астында калган.
Маалыматтар боюнча жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ