Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын сотко алып келинишин күтүп турушкан атамекенчилер менен Атамбаевчилер алгач жай эле турушуп акырында кайым айтыша кетишти.
Сот боюнча комментарий берип жаткан атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов “бул окуялардын баарына Атамбаев күнөөлүү” деп айтканда атамбаевчил бир аял “эмнеге Атамбаев күнөөлүү экен, эмнеге Жээнбеков деп айтпайсыңар” деп албууттанды өзүн Саадат Муратова деп тааныштырган аял.
Анан атамекенчилер атырылып жооп берип, чыр ырбап кетти.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ