Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мыйзамдын талаптары бардык жарандар тарабынан кынтыксыз аткарылышын камсыздоо — мамлекеттин милдети”

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мыйзамдын талаптары бардык адамдар тарабынан кынтыксыз аткарылышын камсыздоо — мамлекеттин милдети», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8- августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

Мамлекет башчысы алдамчылардын азгырыгына алдырбай,  чагымчылдардын аракетине чогуу бөгөт коюуга чакырды.

«Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул — коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш. Бул — мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал тилекке каршы өлкөнүн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болгондугун баса белгиледи.

«Баары тең мыйзамга баш ийип, тергөөгө келип, сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп, тергөөгө баргандан баш тартты. Элди, жарандарды курмандыкка алып баруудан да кайткан жок», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: