Menu

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасындагы абалды көзөмөлдөөдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан менен чек арасындагы абал көзөмөлдө экенин жана коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен ыкчам маалымат алмашуу жүрүп жатканын билдирди.

Өзбекстан чек ара мекемесинин өкүлү билдиргендей, чек ара кесилишкен аймактан тышкаркы чукул кырдаал шартында чек ара бекеттериндеги техникалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, маалымат чогултуу иш-чаралары жүрүүдө.

Бул арада президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен 8-августта телефондон сүйлөштү.

Кыргыз президентинин сайтындагы кабарда алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну талкуулашканы, ​Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк, тынчтык жана туруктуулук каалаганы жазылды.

Сүйлөшүү кимдин демилгеси экени айтылган жок.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: