Menu

Азимбек Бекназаров: “Атамбаевдин жоруктарын көрүп Роза апиче мага карап: «Эй, Азимбек, олээ, кимди президент кылабыз деп ээрчип жүрөбүз ыя?» – деп бетин чымчыды”

Бөлүшүү:

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган эскерүү китебин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз Бекназаровдун китебинен бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон айрым урунттуу учурларын үзүндү кылып жарыялоону чечтик.

“Бакиевдик бийлик 2009-жылы 23-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү тууралу чечим кабыл алды…

2009-жылдын 25-апрелинде Арашан айылында чоң элдик курултай өткөрүп, ошол курултайда Атамбаевди бириккен оппозициядан (БЭК) жалгыз талапкер кылып жарыяладык…

Таластын эли менен жолугушуу өтө кызык болду. Атамбаев Премьер-министр кезинде 2007-жылы «Жер үй» маселеси боюнча Таласка барып, эл жол тосуп, болгон жаңжалдын таасири Таластан али кете элек экен. Бир нече активисттерге кылмыш иши козголуп, айрымдары соттолуп, айрымдары сыртта качып жүрүптүр. Ошол үчүн Шерниязов мага кирип маселе койду: «Мен Азике, мурда айткандай Текебаев экөөң үчүн гана унчукпай жүрөм, Таласка бар десеңер барайын, бирок Атамбаев менен БЭКтин лидерлери баарыңар барасыңар, болбосо мен жалгыз Атамбаевди коштоп барбайм» – деди. Мен бул сөздү Атамбаевге айттым. Ал башында мөңкүп алып, аягында көндү. Болгону: «Силер сүйлөбөйсүңөр, мен гана сүйлөйм» – деди. БЭКтин саясий бюросун чакырып, баарыңар Таласка барасыңар – дедим.

Мындай нерселерди уюштурууга мастер Болот иним Суусамырдан бизди тосуп, жүздөй машина менен Таласка кирмей болдук. Ар бир машинада «Ата Мекендин», КСДПнын, «Асабанын» желектери илинген ушундай шаан-шөкөт менен Таласка кирип бардык. Таластагы биринчи эле жолугушууда Атамбаев: «…таластыктар жоолук салынып алгыла, Манастын көрүн казып жатса унчукпайсыңар!» – деп бир нече жолу демитип өттү. Жыйын бүтөрү менен 5-6 аксакал мага басып келип: «Азимбек, Атамбаевге айтып кой, элге асылбай сүйлөсүн, биз Атамбаевди эмес, силерди сыйлап унчукпай турабыз» – дешти. Мен кечинде Атамбаевге элдин бул сөзүн айтып, «жоолук» жөнүндө экинчи айтпашын сурандым. Ал унчукпады.

Кечинде биз Шерниязовдун кайын журтунда, менин оготур туугандарымдын айылында түнөдүк. Биз дегеним – БЭКтин саясий бюросунун Таласка келген мүчөлөрү Тургуналиев, Отунбаева, Текебаев ж.б. бар болчу. Исаков, Жекшенкулов, Булекбаев, Каптагаевдер подпискада камакта болгондуктан, келишкен эмес.

Бакай-Атада чоң жолдун боюнда эл менен жолугушуу белгилениптир. Ар дайым жолугушуунун алдында эл топтолгуча жарым сааттай Сагынбек Момбеков элдин көңүлүн көтөрүп, гитаранын коштоосунда «Сат, сат», «Кайдыгерлик», «Аксы ыйы», «Дүжүр чалдар» ж.б. ырларын аткарып турчу. Аны да сүйлөбөйсүң, болгону ырдайсың деген шарт менен алып жүрдүк. Башка ырчы, бийчи алган эмеспиз. Бул жолу Сакем жарым саат эмес, бир сааттай ырдады. Атамбаев жок. Мен телефон чалсам, Илмиянов ал киши намазга кирип кетти эле, азыр-азыр деп, кечигип жатты. Эл таркай турган болуп калганда, арга кетип, шартты бузуп, элди алаксытып туруу үчүн Топчукеге сөз бердик. Топчуке адатынча элдин көңүлүндөгү сөздөрдү айтты эле, эл тынбай кол чапты. Атамбаев дагы деле жок. Андан кийин Отунбаевага сөз бер­дик, андан соң Текебаевге сөз берүүгө туура келди. Ошол учурда гана Атамбаев келди. Сүйлөдү. Дагы Манастын көрүн казып жаткандарды айтып: «Таластыктар жоолук салынып алгыла» — деди.

2008-жылы Таласка дүйнөлүк «көзү ачыктардын» демилгеси ме­нен Мамлекеттик катчы А.Мадумаровдун макулдугу, Президенттин кеңешчиси Ч.Абыкеевдин коштоосу менен Манастын күмбөзү жайгашкан жердеги Короол-Дөбөнүн түбүн изилдөө үчүн атайын эл аралык экспедиция келип, Короол-Дөбө казыла баштаган. Буга кыргыз коомчулугу нааразы болуп, элдин каршылыгынын негизинде казуу токтотулган. Атамбаев ушул жөнүндө айтып жаткан болчу.

Бакай-Атадагы жолугушуу аяктап, баарыбыз Б.Шерниязовдун айылына келдик. Түнөп, эртең менен тамак ичип олтурсак сырттан Атамбаев кирип келип, улагада тикесинен турган боюнча: «Силер эмне мени «суфлер» кылайын дейсиңерби, эмне үчүн мага чейин сүйлөйсүңөр, сүйлөшпөдүк беле?!- деп демите кетти. Текебаевдин жини келип: «Азим, досуң менен өзүң сүйлөшчү»- деп ордунан туруп эшикке чыгып кетти. Топчукем: «Алмаз, олтур айланайын, сен кечигип кеткениңен кийин, сен келгиче элди кармап туруу үчүн сүйлөдүк, жаман сөз айтпадык» – деди. Ал: «Биз сүйлөшпөдүк беле, силер сүйлөбөйсүңөр деп»,- дагы опурулду. Шерниязов менен Отунбаева да эшикке чыгып кетишти. Мен Атамбаевге: – Алмаз, ар нерсенин чеги болот, өзүң кечигесиң да, анан элди алаксытып, эптеп токтотуп тургандарды кайра күнөөлөйсүң, Тургуналиев, Отунбаева, Текебаевдер сенин сөзүңдү сүйлөй турган адамдарбы? Сенин: «Алканов мындай, Сариев тигиндей, Баба­нов баландай» – деген сөздөрүң өзүңө эле кут болсун. Сен көп кечиккенден кийин эл тарай баштады. Аргабыз кетип элди токтотуп туруу үчүн буларды мен сүйлөгүлө – деп өтүндүм. Урушсаң жеке мени менен уруш. Баары тең сени ай-асманга теңеди. Ушунчалык кыйын, ошол үчүн баарыбыз Атамбаевди бир талапкер кылып ээрчип жүрөбүз, – дешти. Анын эмнеси жаман? Башка сөз айтышкан жок, эгерде булар сенин сөздөрүңдү кайталаган болсо чакыр күбөңдү, ким айтты сага андай сөздөрдү. Бул жерде жүргөн адамдар баары сени колдоп жүрүшөт, рахмат айтпайсыңбы буларга, – деп мен да катуу тийдим. Ошондон кийин ал жумшарып чайга олтурду. Мен да эшикке чыгып кеттим.

Кезектеги жолугушуу Кара-Буура районунун борборунда болмок. Биз суу сактагычтын кырына келип, эрте болгондуктан, сууну көздөй таш ыргытып туруп калдык. Мен баарын топтоп, айрыкча Шерниязовду тынчытып: – Болду, ал түшүндү, эми мындан кийин ал өзү суранса да сүйлөбөйбүз, – деп макулдаштык. Ошондо Роза апиче мага карап: «Эй, Азимбек, олээ, кимди президент кылабыз деп ээрчип жүрөбүз ыя?»- деп бетин чымчыды. Кара-Буурага элге келгенде күтүүсүз окуя болду. Биз сценага чыгып, Атамбаевди күтүп турдук. Атамбаевге сөз бергенде ал: «Бизде БЭКтин начальниги бар, Азике досум сүйлөсүн» – десе болобу. Модераторлук кылып жаткан Отунчу байке мик­рофонду мага берди. Мен кыска, БЭКке кирген бардык саясий күчтөр Атамбаевди колдойбуз, сөздү анын өзүнөн уккула деп, микрофонду кайра ага сундум. Атамбаев кылкылдаган элди, эл арасындагы кыпкызыл болгон «Ата Мекендин» туусун көрдүбү: «Бул жерде «Ата Мекенчилер» көп экен, «Ата Мекендин» лидери Өмүке досум сүйлөсүн»- деп микрофонду Текебаевге берди. Текебаев «Ата Мекен» партиясы да Атамбаевдин талапкерлигин колдойт, талапкер өзү сүйлөсүн»- деп кайра берди. Ошол учурда микрофон сунуларын сезген кексе Топчуке эл арасына түшүп кетти. Аргасы кеткен Атамбаев өзү сүйлөдү. Бул жолу «жоолук» жөнүндө сөз болбоду.

Шайлоонун эң башкы кульминациясы же эсте кала турганы – шайлоо болуп жаткан күнү саат 13кө жакын эч ким менен кеңешпей туруп Атамбаевдин өз талапкерлигин алып салганы болду. Дагы бир талап­кер Назаралиевдин тилине кирдиби, же башка жагдайлар таасир болдубу, шайлоонун таза эмес жүрүп жатканы боюнча Назаралиев экөө пресс-конференция берип жатып, Атамбаев капысынан эле: «Мындай шайлоого катышпайбыз»- деп салды.

Уландысы бар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: