Menu

Академик Абдылдажан Акматалиев “Манас” университетинин ардактуу доктору болду

Бөлүшүү:

Кыргыз-түрк “Манас” окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевге кыргыз тили жана кыргыз адабиятынын өнүгүүсү, Кыргызстан, Түркия жана түрк элдеринин илимий жана билим берүү жаатында кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды. Бул туурасында Академиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Академик  А.Акматалиев окуу жайдын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип төмөнкүлөрдү айтты:

Жыйырма беш жыл бою түрк жана кыргыз элинин адабий, маданий байланышына салым кошуп келебиз. Анын ичинде 20 жыл Кыргыз-түрк “Манас” университети тарбиялаган студенттерди академияга чакырып менен иштешип жатабыз. Орток темалар боюнча кандидаттык иштер жакталды. Бул аралыкта “Манас” эпосу, фольклордук чыгармалар түрк тилине которулду. “Түрк адабияты” деген 33 томдукка координатор болдум. Түрк окумуштуулар менен отуздан ашуун конференцияларды чогуу өткөрдүк. Түрк тилинде үч китебим, жыйырмадан ашуун макалаларым чыкты. “Билги”, “Билим” журналдарынын редколлегия мүчөсүмүн. Дагы да түрк тилиндеги чыгармалар, илимий иштер кыргыз тилине которулганы, жайылтылганы турат.

Иш-чарада Абдылдажан Акматалиев окуу жайдын жетекчилигине  “Манас” эпосу менен “Айтматов энциклопедиясын” тапшырды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: