Menu

Кыргыз Республикасынын  элеттик аялдардын күнүнө арналган V Улуттук конференция болуп өттү

Бөлүшүү:

«Өкмөттүн астында айыл жериндеги аялдардын  ишкердигине колдоо көрсөтүү тапшырмасы турат. Бүгүнкү күндө аялдар үй-бүлө, балдардын тарбиясы жана каада-салттын сактоосу  үчүн жооптуу. Алар фермерлердин, тарбиялоочу, ишкер жана окутуучу, медицина жана маданият кызматкерлеринин катарын толуктайт. Аны менен бирге азыркы күндө элет аялдарынын абалы ойдогудай эмес. Муну эске алуу менен элеттик аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, сапаттуу билим алуу  жана саламаттыкты сактоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү сыяктуу көйгөйлөрүнө басым жасоо зарыл. Бул маанилүү маселе аймактардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндө каралган».  деди  бүгүн, 19-июнда, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын  элеттик аялдардын күнүнө арналган V Улуттук конференцияга катышуусу учурунда. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Конференция Ош шаарында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз  Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү,  «Кыргыз Республикасынын элеттик аялдарынын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» биргелешкен долбоорунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, активист аялдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышты.

Жыйында өлкөнүн аймактарындагы аялдардын абалын жакшыртуу, алардын социалдык статусун көтөрүү, коомдогу аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, улуттук жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууну, аймактагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, өлкөнүн аймактарында аялдардын абалы тууралуу маселелер талкуланды.

Учурда республика боюнча ишке аялдарды колдоо максатында «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоору ишке ашууда. Анын негизги максаты аймактарда жана кичи шаарларда аялдардын турмуш деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасы жыл сайын, Кыргыз Республикасынын  айыл жериндеги социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө активдүү катышкан аялдардын салымын баса белгилеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомуна ылайык 18-июнда элет аялдарынын күнүн белгилейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: