Menu

Өткүрбек өткүрлүгүн көрсөтүп жатат

Бөлүшүү:

Мына элибиз Жамшитов Өткүрбек Асылбекович КРнын Башкы прокурорлугуна жаңыдан дайындалып жатканда, жаш жигит экен эми кандай болот дешип бүшүркөп башташкан. Бир аз убакыт өтө баштаганда Өткүрбектин өткүрлүгү жок экен дешти. Жоош экен, бош экен дешти. Мен, жаңы кызматка киришкенде эле айттым эле, зыңкыйган оор басырыктуу, терең ойлуу мырза экен, ушул жигит убакыт өтсүн өткүрлүктү көрсөтөт деп. Мына мен айткандай Өткүрбек Асылбекович өткүрлүгүн, өтүмдүгүн көрсөтүп жатат. Мурда кийин бир дагы ген прокурор кылбаган ишти кылып, мыйзам жобосу менен жашашты, майда чүйдө чабактарга эмес, түз эле акула, киттерге алаңдабай эки жакка кылчаңдабай түз эле көрсөтүп салды. Мыйзам талаасыңда жашашты ким болбосун билгиле деди.

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович, дос-тууганга, куда-сөөккө, жезде-кайниге карабай кылмыш кылса баарына бирдей чара көрүңүз. Биз сизди ар дайым колдоого даярбыз. Ишиңизге ийгилик, узун өмүр бекем ден соолук каалайбыз. Элдин сынында эмес, сыйында болуп мыйзамдын туусу мекендин уулу болуңуз.

Дүйшөн Маматов, Бишкек шаары

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: