Menu

Казакстанда 31-октябрда боло турган митинг алдында куугунтуктоолор күчөдү

Бөлүшүү:

Алматыда 31-октябрда оппозиция саясий реформаларды жүргүзүү жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен ири митинг өткөрөт. Акция түштө Чокан Валиханов атындагы гүлбакта өтөт жана бийлик менен алдын ала макулдашылган.

Бул арада митинг алдында казакстандык күч түзүм кызматкерлери кеминде эле беш активисттин үйүндө тинтүү жүргүздү.

Активист Ракиля Рахат тинтүүдөн кийин батирдин ээси үйдү бошотууну талап кылып жатканын айтты.

“Мен эки жерде иштечүмүн. Эки жерден тең бошотуп коюшту. Эми мени батир үчүн куугунтукташууда. Алар бизден эмнени каалап жатканын да билбейм. Биздин селсаяк болуп, үн катпай жүрүшүбүздү каалап жатышабы?”- деди Ракиля Рахат

Дагы бир активист Бибигүл Имангалиева да үйүндө тинтүү болгондон кийин иш берүүчү өз каалоосу менен арыз жазууну сураганын айтты.

“Иш берүүчүгө кысым көрсөтүшүүдө. Алар аны чакырып, мени жумуштан бошотууну сурашыптыр”, – деди Бибигүл Имангалиева.

Укук коргоочу Данияр Хасенов укук коргоо кызматкерлери митингге келе турган кишилердин санын азайтуу максатында алдын ала тинтүүлөрдү жүргүзүп, сес көрсөтүп жатканын айтты.

Укук коргоочу жана митингдин уюштуруучуларынын бири Галым Агелеуов акцияда тыюу салынган тема жок экенин, бирок билдирүүлөрдө коркутуп-үркүтүүгө жана шылдыңдоого орун берилбеши керектигин белгиледи.

https://www.centralasian.org/a/30915633.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: