Кытайдын Харбин шаарындагы ооруканада коронавируска чалдыккан аял ден-соолугу чың ымыркайды төрөдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, аялдын боюнда бар болуп, төрөт убагы жакындап калган. Болочок эненин эпидемияга байланыштуу абалы начарлагандыктан акушерлер операция аркылуу ымыркайды жарыкка алып келүүгө туура келген. Жыйынтыгында 3 кг салмактагы эң башкысы ден соолугу чың ымыркай жарык дүйнөгө келген. Учурда эне баланын абалы тууруктуу деп айтылат.
Белгилей кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – 2019-nCoV деп алдын ала маалыматтарда айтылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ