Бүгүн, 4-декабрда, Биринчи май райондук сотунда ЖК депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын иши каралып, алардын үй камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 9-февралына чейин узартылды.
Эскерте кетсек, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы болгондо, анын тарапташтары менен күч органдары кагылышып, бир топ адам жаракат алып, бир офицер каза болгон. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны жыйынга бир канча жолу чакырып, алар баш тартып, барбай коюшкан. Эки депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелүүдө. Ушундай айыптын негизинде алар үй камагына алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ