Индиянын маданият мамилелер кеңеши Кыргызстандык студенттерге 6 стипендиялык орун бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Индиянын маданият мамилелер кеңеши 2020-2021-окуу жылына карата магистратура, аспирантура жана докторантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 6 стипендиялык орун бөлгөн. Учурда аталган бюджеттик орундарга сынак башталган. Арыз, билдирме жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирилүүгө тийиш.
Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 100-А. Байланыш номерлери: 0312 97 92 56.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ