Menu

Максатбек ажы Токтомушев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, азирети муфтий: “Өлкөбүздө соңку төрт жылда 17 миңге чукул мусулман ажылык милдетин өтөп келишти”

Бөлүшүү:

Өлкөбүздөгү соңку учурдагы коопсуздук темасы, анын жыйынтыгы менен келип чыккан талкууларды жараткан диний абалдан улам биз бул сапар башкы имамыбыз Максатбек ажыны кепке тарттык. Мусулмандар тарабынан жылуу пикирге арзып келе жаткан, кадимки президент Сооронбай Жээнбековдун жердеши болгон азирети муфтийдин кебине бирге кулак салалы.

— Урматтуу Максатбек ажы, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда ыйык жума күнүндө өлкөбүздө жума намазын окуш үчүн эч бир саясый күч чогулта албаган момун мусулмандар агылып келишүүдө. Ушу тапта өлкө боюнча болжол менен жума намазга орточо канча адам ибадат кылуу үчүн келишүүдө?

— Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Баардык мактоолор бүткүл ааламдын жаратуучусу Алла Таалага болсун. Кудайыбызга миң мертебе шүгүр келтиришибиз керек, Кыргызстандай кереметтүү жерибиздин бар экендигине. Бүгүнкү күндө ааламда кандай гана окуялар болуп жатат, биз мамлекетибиздин туруктуулугуна, тынчтыгына, элибиздин бакубат жашоосу үчүн ар дайым дуба кылып туруубуз керек. Алла Таалага шүгүр, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 90 пайызы мусулман болсо, алардын дээрлик көпчүлүгү жума намаздарына барышат. Себеби, элибиз ыйман жолуна түшүп, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болуп жаткандыгы байкалууда. Айрыкча жаштарыбыздын ыймандуу болуп бараткандары мени кубандырат.

Ыйман жолунда диний билим алган студенттерибиздин саны өсүп жатабы? Менин байкашымча, бул жаатта да өсүү көрсөткүчтөрү көбөйүп жаткансыйт…

— Учурда өлкө аймагындагы 92 диний окуу жай Кыргыз Республикасынын концепциясынын “диний билим берүүнүн сапатын арттыруу боюнча” №37 бөлүгүн ишке ашыруу жаатында өлкө аймагындагы диний билим берүүчү окуу жайларда билим алып жатышкан студенттердин окутуу системасын көтөрүү боюнча Аалымдар кеңеши тарабынан 14-май, 2013-жылы №5 токтому бекитилип, диний окуу жайлар үчүн бирдиктүү окутуу программасы иштелип чыккан. Учурда Кыргызстанда 92 диний окуу жай иштеп, 8183 окуучу бирдиктүү программанын негизинде билим алууда. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «АВЕП» коомдук фонду менен бирге «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында кошумча билим берип келүүдөбүз. Долбоор 2014-жылы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда пилоттук негизде башталып, ийгиликтүү натыйжаларга жетише алгандыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдан тартып, Кыргызстандын баардык облустарына жайылтылмак болду. Учурда Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарындагы окуу жайларыбыздагы студенттер “ширетүүчүлүк”, “ашпозчулук”, “электрик”, “компьютердик сабаттуулук”, “тигүүчүлүк” кесиптери боюнча кошумча билим алышууда.

— Дин аалымдары Абдышүкүр ажы Нарматов, Чубак ажы Жалилов жана сиз баштаган аалымдарыбыздын билимине, материалдык абалдарына эмнеге ичкүйдүлүк кылып, шек санагандардын аягы тыйылбай келет? Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Билими жок аалым болбойт. Өз доорунда баардык атактуу инсандар, ошол эле улуу Имам Абу Ханифадан тартып, баардык атактуулар илим издеп көптөгөн мамлекеттерди кыдырып окушкан. Ошондой эле Чубак ажы, Абдишүкүр ажылар өмүрүн илимге арнаган инсандар. Ал эми менин билимим боюнча биздин дин башкармалыктын расмий сайтында жазылып турат. Эгер буга дагы ишенишпесе, мага келишсе дипломдорумду көрсөтүп деле берейин. Туура, эми инсан болгондон кийин көралбастыктар да болот. Аларга Алла Таала ыйман, адилеттүүлүк, ынтымак жана туура түшүнүк берсин дегенден башка эч нерсе айта албайм.

— Президенттин алдындагы “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен кандай иштешип жатасыздар? Ортодо интрига жокпу дегеним? Дегеле ыйман жолунда жүргөн Нуржигит мырзага карата пикириңиз кандай?

— Экс-президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин демилегеси менен дин кызматкерлерин колдоо максатында “Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү” коомдук фонду түзүлүп, бүгүнкү күндө үзүрлүү кызматташып келе жатабыз. Учурда өлкө аймагындагы 2090 имам стипендия алышууда. Нуржигит Кадырбеков өзү кичипейил, жөнөкөй, адамгерчиликтүү инсан. Фондду жетектеген күндөн тарта бирге кызматташып, имамдардын билимин жогорулатуу программасын, сабак берүүчү мугалимдерди, имамдарыбызга жакшы шарт түзүп берүү жана алардын кийим-кечелери боюнча сүйлөшүп турабыз. Ортодо эч кандай интрига жок.

— Баса, баш калаабыздын Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан өлкөбүздөгү буга чейин болуп көрбөгөндөй эң чоң мечиттин курулушу качан аяктап, ачылыш салтанаты кайсы учурга пландалып жатат? Бул мечит өлкөбүздөгү борбордук мечит болот да, жалпы көлөмү канча кишиге ылайыкташтырылып жатат?

— Алла Тааланын жардамы менен Түркия мамлекетинин “Диянет” фонду тарабынан курулуп жаткан сиз атаган мечит республика боюнча борбордук мечит болмокчу. Мечитке улуу инсан, имам Сарахсийдин ысымын ыйгардык. Мечиттин сыйымдуулугу 10 миң кишиге ылайыкташкан. Алла Тааланын жардамы менен аталган жаңы мечитти 2018-жылдын апрель, май айларында ачууну пландап жатабыз. Бирок, бул азыр толук чечиле элек.

— Алла Таалага шүгүр, өлкөдө жыл санап ажылыкка барчулардын катары калыңдоодо. Бул жааттагы сиз азирети муфтий болгондон берки статистиканы салыштырып бере аласызбы? Быйыл канча мусулманыбыз Меккеге жөнөйт жана жалпы канча каражат кетүүдө?

— Мусулмандардын бирден-бир ыйык парздарынын бири болгон ажылык ишин уюштуруу бир топ жөнгө салынып, 2017-жылдан тарта толугу менен электрондук системага өттү. Коомчулук арасындагы ар кандай ишенбөөчүлүктү жаратып келген ажылык иши 2014-жылдан бери иретке келтирилип, толугу менен бир системалуу жолго түштү. Муну менен катар 2015-жылдан тарта кыргызстандык ажыларды заманбап автобустар тейлеп, тамак-аш, мейманканалар жакшыртылды. Ажыга барууга акы төлөөнүн жана жарандарды эсепке алуунун электрондук системасы киргизилди. Бүгүнкү күндө ажыга баруу үчүн РСК банкында атайын эсептер ачылып, баардык акча төлөмдөр которуу жолу менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ажылыкты ачык-айкын өткөрүү максатында 24 адамдан турган ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык убактылуу республикалык штаб түзүлгөн. Ал эми ар бир адамга бекитилүүчү авиабилеттин, эмдөө каражаттары менен ажылардын кийимдерин жана Сауд Арабиянын тейлөөчү сервистери ж.б чыгымдардын жалпы калькуляциясы аталган убактылуу мекемелер аралык республикалык штабдан каралып, макулдашылып, азирети муфтий тарабынан бекитилет. 2014-жылдан бери ажылык милдеттерин өтөө үчүн өлкөбүздөн болжол менен 17 миңге чукул адам мусулманчылыктагы парздарын аткарып, ажылык амалдарын өтөп келишти.

— Өзүңүз жөнүндө кеңири маалымат берип койбойсузбу? Канча жашыңыздан бул жолду тандадыңыз эле? Бала чактагы көксөгөн аруу максаттарыңыз ишке аштыбы?

— Мен 1973-жылы 9-августта Ош облусунун, Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында төрөлгөм. 1991-1995-жылдары Бишкек шаарындагы айыл чарба институтунда зооинженер адистиги боюнча билим алгам. 1997-2003-жылдары Ханафий масхабы боюнча Пакистандагы “Аль-Арабия” университетин артыкчылык диплому менен аяктагам. 2010-жылы Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча билимимди жогорулаткам. Ал эми эмгек жолумду 2005-жылдан ушул күнгө чейин «Абдулла ибн Масуд» медресесинде окутуучу болуудан баштагам. 2008-2010-жылдары баш калаабыздагы 7-кичирайонундагы мечитте имамдыкты аркалап, 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп эмгектендим. 2013-2014-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары кызматын аркалап, 2014-жылдан тарта Алла Тааланын жардамы, элибиздин колдоосу менен Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийлик кызматын аркалап келүүдөмүн. Ал эми сурооңдун экинчи бөлүгүндөгү балалыктан максат кылган кыялдарымдын бири – коомубуздун өнүгүшүнө салым кошуп, эл ортосундагы ынтымакты бекемдөө менен жардамга муктаждардын мүдөөсүн орундатуу эле. “Жаштын тилегин берет” дегендей, учурда колдон келген жардамды берүү менен эл ынтымагын, коомчулуктун биримдигине жана жаштарыбыздын адеп-ахлагын жогорулатууда бар күчүмдү жумшап келем.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: