Menu

Мээрим Карыпова, ырчы: “Роза эжемдин менин көзүмчө мени мактаганын көрө элекмин…”

Бөлүшүү:

Кыргыздын көөнөрбөс өнөрүн даңазалаган “Салттуу музыка жумалыгы” өз ишин баштады. Качан көрсөң комузу колунан түшпөгөн, салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдүн бири Мээрим Карыпова менен маек курдук.

– Мээрим айым, салттуу музыка жумалыгын кандай баштап алдыңыздар?

– 2019-жылдың 20-апрелинде жумалыгыбызды Кудай буюрса И.Раззаковдун үй музейинде баштап алдык. Студенттер менен илимий-практикалык конференция өттү. Мындан сырткары Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинде да илимий-практикалык конференция жана концерт өттү. Чет өлкөлөрдөн атайын жумалык үчүн чакырылган меймандар келе башташты. Ар иштин башталышы жакшы болсо, аягы да жакшы жыйынтыкталат эмеспи. Чынында жумалык ийгиликтүү башталды, эң жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ойдо турабыз. Анткени быйылкы жумалык мамлекет тарабынан колдоого алынып, 15 жылдык мааракебиз белгиленип жатат. Андыктан мындай тарыхый ишке болгон даярдыгыбыз абдан жакшы болду. 25-декабрга чейин атайын даярдалган концерттер өтө баштайт.

– Устатыңыз Роза Аманова алгачкы шакиртим деп сизди өзгөчө баса белгилеп айтат. Сиз үчүн бул албетте сыймык болсо керек?

– Ооба, Роза Аманова эжекемдин эң алгачкы шакиртимин. Эжем менен 20 жылдан ашык убакыт чогуу иштешип келе жатабыз. Эженин менин көзүмчө мени мактаганын көрө элекмин, бирок мен жокто жакшы пикирлери менен бөлүшөөрүн угуп калам. Бирок эч качан бетиме карап мактабайт. Бул менин устатымдын эң жакшы сапаттарынын бири деп билем. Кээде эл арасында “эже сени мактайт” деп калгандарын угуп калам. Эгерде эженин жакшы бир баасына татый алган болсом – бул мен үчүн чоң сыймык.

– Жакында эле обончу, аткаруучу Т.Колдошев менен бирге дуэт жаздырып, клибин да тарттырдыңыздар. Түмөнбай ага менен бирге иштешүүгө эмне түрткү болду?

– Ооба, обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошев менен бирге дуэттерди жаздырдык. Жакында эле анын жеке концерти борборубуз Бишкек шаарында жана ордолуу Ош шаарында болуп өттү. Ошол концертке Түмөнбайдын сунушу менен катышып, бирге ырдадык. Концерти абдан жакшы уюштурулуп, эң жогорку деңгээлде өттү. Түмөнбайдын чыгармачылыгын, обондорун өтө баалайм. Обондору уккулуктуу, сөзгө абдан жакшы маани берет, ырчы катары да үнү өзгөчө. Бир уккан адам экинчи жолу укса дароо тааный турган тембри бар. Буга чейин Р.Абдыкадыровдун ырларын аткарып жүргөн Т.Иманкулов менен бирге дуэт ырдагам, купулума абдан толгон. К.Примбердиев менен да бирге ырдадым. Бул жигиттердин өнөрлөрүнө, талантына өзгөчө баа берип, абдан баалайм. Түмөнбайдын Ошто өткөн концертине барганда Ош шаарынан дароо клип тарттырып келдик. Клип теледен, ырлар радиолордон кетип жатат. Элдин кабыл алуусу абдан жакшы болууда. Элдин колдоосу чыгармачыл адам үчүн табылгыс нерсе. Жакшы сөз уккан сайын аткарган ишибиз жакшы болгон өңдөнөт деп ойлоп жатабыз.

– Роза эжеңиздей болуп сиз да шакирт тарбиялап жатасызбы?

– Ооба, “Мөлтүр” деген кыздардан турган топту түзгөнүмө бир жарым жылдай болуп калды. Кудайга шүгүр, ушул аралыкта элдин жүрөгүнөн орун тапкан, оор-басырыктуу чыгармаларды жаратышты. Кыздарым экинчи клибин жакында эле элдин сынына коюшту. Мындан сырткары Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин “Салттуу музыка жана фольклор” факультетинин отчеттук концерти болуп өттү. Аталган концертте устаттар өздөрү тарбиялаган шакирттерин эл алдына чыгарып, кандай деңгээлде тарбиялап жатабыз, шакирттерге эмне бере алдык деп отчеттук концерт бердик. Концерт А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын чоң залында эң жогорку деңгээлде өттү. Концертке келген эл залга батпай калды. Бул бизди абдан толкундантты, себеби салттуу музыканы уккан, колдогон элибиз бар экен, уучубуз куру эмес экен деген ишеним берди.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: