Menu

Сапар Исаковго мамлекет аралык издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) билдирди.

Мекеме буга чейин Исаковдун өргүүсү 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

2020-жылы июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал Тарых музейин реконструкциялоодогу жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды куруудагы коррупцияга айыпталган. 2019-жылы ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча 15 жылга соттолгон.

Жаза аткаруу кызматы мындан тышкары коррупция айыбы менен 15 жылга соттолгон Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да изделип жатканын кошумчалады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада тарапташтары бир нече саясатчыны, анын ичинде Сапар Исаков менен Албек Ибраимовду да камактан чыгарышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: