Menu

Эки сүйлөгөн Текебаев эми өзү Кыргызстанды Түркмөнстан кылганы калдыбы?

Бөлүшүү:

Бул Текебаев дегениң бүгүн бирди сүйлөп, эртең экини сүйлөгөн неме экен. Эмесе  21-октябрда ЖКнын жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев “биздин алдыбызда эки жол турат – биринчиси, мыйзам талаасында парламенттик жана президенттик шайлоолорду өз убагында өткөрүп, мыйзам талаасына түшүү, экинчиси – бул ар кандай шылтоолор менен парламенттик жана президенттик шайлоололорду артка жылдырып, мыйзам талаасынан чыгып, Кыргызстанды Түркмөнстанга айлантуу  жолуна түшүү” деп  билдирген. Анан түндөсү Садыр Жапаровчуларга жолуккандан кийин эле кандай устукан убада кылынган билбейбиз, айтор теңирден тескери кетип, эртеси 22-октябрда өзү айткан экинчи жолго – Түркмөнстандын жолуна үгүттөй баштады. Парламенттик шайлоону артка жылдырган мыйзамга добуш берип, элдин оозун ачырды. Мунун мындай кадамына Текебаев эмне айтса деле туура дей берген ээрчиме күчүктөрүнөн башка эч ким түшүнгөн жок.

2010-жылдан кийин Атамбаевдин авторитардык ууру саясатчы болушуна жардам берген Текебаев эми ошол эле жолго Садыр Жапаровду түртө баштады.

“Мен бардык кыргыз саясатчыларын билем. Ким эмне жөнүндө ойлонуп жаткандыгын, ким эмне үчүн сүйлөп жатканын жана эмне үчүн унчукпай отургандыгын да билем. Мен гана эмес, билер дагы бардыгын билесиң. Урматтуу төрага, депутаттар ант бергенден кийин, ыйгарым укуктарына киришет. Азыр эки коллегабыз ант бергени турат. Президент ант бергенден кийин ыйгарым укугуна киришет, ага чейин ал аны аткара албайт. Соттор ант бергенден кийин сот болуп эсептелинет Ант бергенге чейин андай бийик, жооптуу кызмат эч кимге берилбейт. Өкмөт кечиктирилбестен 2 жуманын ичинде ант берсин деп Конституцияда жазылып турат. Ушундай кыйын кезде жооптуу чечимдерди кабыл алган өкмөт эмне үчүн Конституцияга колун коюп, элдин алдында ант берген жок?” – деп суроо салган 21-октябрда Текебаев.

Текебаев эгерде президент кызматтан кеткенден кийин жети күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалбаса, анда БШК аны 8-күнү дайындай турганын белгиледи.

“2 көз караш бар. Шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, жаңы келген депутаттар элге берген убадасын аткарып, конституциялык реформаны баштай берсин деген бир тарап турат. Экинчиси, шайлоо өткөрбөйлүк, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталык, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап турат.  Мен силерге кепилдик менен айтам, бул күн да өтөт, президенттик шайлоо да келет. Мен адамдардын мүнөзүн билем, эмнеге жөндөмдүү экенин билем, силер деле (депутаттар) билип калдыңар. Эгерде ошол система өтүп кала турган болсо, бизде Өзбекстан эмес, Казакстан да эмес, Түркмөнстан болот. Мына биз азыр көз каранды эмеспиз деп сыймыктанабыз, эгерде андай тартип келе турган болсо, мен элге да жоопкерчилик менен айта алам, Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп туруп кол чаап турасыңар. Жүгүп кол чаба тургандар бар арабызда. Бул келет, келе жатат. Эки жол бар, тандап алгыла эл-журт, парламент” – деген 21-октябрда Текебаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: