Төлгөсү төп келген, айткандары орундалган, салган төлгөсү көп кишини ойго салып чочулатып жаткан Света айым менен бу сапар көптөрдүн көңүл борборундагы маселеге айланган ажонун ден соолугу, Текебаевдин ишмердүүлүгү не болот деген суроо менен кайрылып, сурообузга жооп алдык.
– Отунбаеваны колдогондор көп. Анын иш билгилигин баалап, билимдүүлүгүн жогору коюшат. Бирок урмат-сыйга бөлөнүп жүрсө да ден соолугуна карашы керек. Жанын кыйнап кыжаалат кылган органдары бар. Роза Отунбаеваны сыйлап, кадырлаган адамдар жетиштүү болсо да Кыргызстанга жакынкы убакта келбейт. Чет мамлекетте башка иштер менен алек болот. Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн ойлоп кыжаалат болбой деле койсо болот, себеби ал аралашкан иштерден эл ирээнжиген жаман нерселер деле чыкпайт.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ