Menu

Канат Сыдыков: Мен ал иште күнөөлүү эмес, күбө катары өткөм

Бөлүшүү:

Канат Жалилович, ректор болуп келгени-ңизге бир жылга чама-лапкалды. Булубакыт ичинде алгылыктуу эмне иш аткардыңыз?

– Биринчиден окуу жайдың ичиндеги ички интригаларга бөгөт койдум. Дегеним, окутуучулар арасында интрига күчөп, ректорду каралоо, андан кийин декандарды дагы жана башка маселелер бар болчу. Мына ушул маселени терең изилдеп, этика боюнча комиссия түзүп, интригадан алыстадык десем жаңылышпайм. Буга бир эле мисал 76 кафедра башчыларын эч кандай ызы-чуусуз, тынч жол менен шайлап алдык. Эл аралык багытта, ШОС алкагында магистратураны күчөтүү боюнча Москвадагы ЖОЖдор менен 4 келишим түздүк. Илим боюнча жыйнагыбыз англис тилинде чыкты. Англис тилде чыкканынын себеби, дүйнөлүк окуу жайлар биздин илим боюнча жыйнагыбыз менен таанышып, алар тараптан кызыгуу болуп, биздин окуу жайдын аброюн көтөрөт деген ойдомун. Андан тышкары жатаканалардын, окуу корпустарынын оңдоп-түзөө иштери менен алектенип жатам. Бул эми чарбалык маселелер. Эц негизгиси коллектив ичинде ынтымакты орноттук. Сен тигинин кадрысың, тигиндей-мындай деген бөлүнүп-жарылууга толук бөгөт коюлду.

– Жатаканаларды оңдоп, жаңылап жатабыз деп калдыңыз. Жакында эле бир жатаканаңыздарда свет жок болуп, жашоочуларга бир топ ыңгайсыздыкты жаратты. Бул боюнча эмне дейсиз?

– Негизинен жатаканаларды оңдоого каражат жетчү эмес. Мына быйыл каражат табылып, жайында оңдоо иштери жүргүзүлмөк. Жатакананын электр чубалгылары авариялык абалда экендигин буга чейин да жашоочуларга эскертип келгенбиз. Алар тоскоолдуктарды кылбай, өз убагында жатакананы бошотуп беришкенде мындай мүчүлүштүктөр болмок эмес. Быйыл буйруса каражат маселеси чечилди, жайында оңдолот.

– Дагы бир маселе жаш мугалимдерге деп каралган жатаканаңыздарда 2-3 үйү барлар жашап жатышат жен.

– Андай маалыматтар бар. Ал жерде негизи статус боюнча студент-аспиранттар жашаш керек. Бирок акыркы 4-5 жылда жогоруда сиз айткандай үйү бар же болбосо окуу жайга такыр эле тиешеси жоктор жашап жатышыптыр. Быйыл соттун чечими менен тиешеси жокторду чыгарып, студент аспиранттарды жайгаштырып жатабыз.

– Жаңылбасам окуу жайдынконок үйү бар эле. Азыр барбы? Бар болсо азыр ким колдонуп жатат?

– Туура айтасыз, конок үй бар. Ал конок үйдө негизи студенттерге лекция окууга сырт-тан келген мугалимдер жашашы керек эле. Бирок кандайдыр бир себеп менен экс-проректор Н.Асанбеков колдонуп жатканы белгилүү болду. Ал келишимди кандай жол менен түзгөнү боюнча азыр юристтер тактап бүтүп калды. Сотко кайрылдык. Соттун чечимин күтүп жатабыз. Бул маселени аягына чыгарам.

– Сиздердин окуу жайдын базасында теология институту же факулътети ачылганы жатыптыр деген кептер жүрүүдө. Качан ачылганы жатат?

– Андай факультет же институт ачуу боюнча план жок. Андай ачуу үчүн сабак берчү мугалимдер, кесипкөй адистер керек. Бизде андайлар жок. Биздин планда салггуу ислам, христиан диндери боюнча изилдөө жана пропагандалоо боюнча ресурстук борбор ачуу планы бар.

– Кептин нугун башка жакка буралы. Сиз билим берүү министри болуп турганда бир катар студенттерди ЖОЖго акча алып өткөргөн деген кине менен ошол кездеги депутат К.Осмоналиев камакка алынды. Ошол маселеде сиздин ордунуз? Канчалык деңгээлде сиздин катыштыгыңыз бар?

– Мен бул маселенин кайра жанданып, аягына чыгып жатканына кубанып турам. Андай иштер баары бир ачыкка чыгышы керек эле. Накта күнөөлүү адам жазасын алышы керек. Министрдин буйругу деген бул туура эмес шылтоо. Кененирээк айтсам, мага депутаттан кат келген. Катка жооп катары биз өзүбүздүн буйрук менен эч кимди окууга киргизе албайбыз. Биз буйрук менен КРСУга студенттерди жөнөткөнбүз, аталган студентгердин ОРТ баллын карагыла, социалдык муктаждыгын далилдегиле, ким туура келсе өткөргүлө. Белгиленген убакыттын ичинде баарын териштирип жообун бергиле дегенбиз. Эч кандай буйрук менен мына бул студенттерди өткөргүлө деген болгон эмес.

– Канча студент эле?

– 14 студент болчу. Ал студенттердин фамилиялары менен депутат Осмоналиевден кат келген. “Эмне кыласыңар?” -деп утур-утур телефон чалуулар болгон. Орун басарларымды бир топ эле жүдөткөн. Бул маселени чечпей койсок, ал кезде комитеттин төрагасы эле, ар кандай кысымдарга барып, ар кандай маселе көтөрө бермек. Ошондуктан баарын тактап изилдеп, эгер туура келсе каттап, жообун бердик. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал студенттердин ОРТ баллы боюнча маселе жок. Негизги маселе муктаждыкты Осмоналиев кандай багытта пайдаланды. Чындап эле алар муктажбы деген маселе жаралат. Кептин баары ошол берилген акчада эле. Эмнеге ал акчаны алган? Оз учурунда акчанын суммасы да такталган, бергендер да, кимге берилгени да такталган. Ал жерде менин жана орун басарларымдын эч күнөөсү жок. Депутат Осмоналиевдин өзүнө гана тиешелүү маселе. Мына ошол маселени жабыш үчүн, министрдин колу коюлган буйругу турат деп күнөөнү мага оодаруу аракети болгон.

– Жеке мамилециз кандай эле алубакта?

– Жеке мамилебиз ар кандай кысымдар, суранычтар аркылуу бузулган. Тирешүү болгон. Мен ушундайлардан тажап, оз каалоом менен тергөө аягына чыгышын каалап, иштен кетип калгам. Бирок иш аягына чыкпай калган.

– Себеп?

– Себеби ал убакта Осмоналиевдин депутаттык мандаты, дагы ж.б. Бирок биздин үстүбүздөн эч кандай арыз түшкөн эмес. Булардын баары тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Мен ал иште күнөөлүү эмес, күбө катары өткөм.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: