Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алына турган 530 миӊ доллар өлчөмүндөгү грантык каражат жолдорду жакшыртуу долбоорунун 3-фазасын даярдоо жаатында жумшалат. Анын алкагында Ысык-Көл аймагындагы жолдорду жакшыртуунун техно-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууга тийиш. Андан тышкары, «Каракол» аэробекети калыбына келтирилип, «Ысык-Көл» аэробектинин инфратүзүмү жакшыртылмакчы.
Белгилей кетек, эгерде кыргыз тарап тоо туризмин өнүктүргүсү келсе, анда аэробекет болушу керек. «Дүйнөлүк банк долбоор иштелип чыккандан кийин 80 млн өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүп берүүгө даяр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ