Menu

Казакстанда Кемероводогу трагедиядан кийин соода борборлору текшерилет

Бөлүшүү:

Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өкмөт жыйынында Кемероводогу трагедиядан кийин өлкөдөгү соода жана оюн-зоок жайларын текшерүүнү тапшырды.

Расмий маалыматтар боюнча Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттөн 64 киши мерт болду. Күбөлөр өлгөндөрдүн саны мындан дагы көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

“Бул кайгылуу окуя бизге дагы сабак болушу керек. Учурда бул маселе социалдык түйүндөрдө талкууланууда, блогерлер жеке демилгелери менен соода борборлорун кыдырып, жабык жана ачык авариялык эшиктерди текшеришүүдө”, — деди Сагинтаев

Анын айтымында, текшерүүнү ИИМ өрткө каршы күрөшүү кызматы, акимчилик менен бирге жүргүзүшү керек. Ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин журналисттерге берген интервьюсунда соода борборлору ырааттуу текшерилерин айтып, бирок оюн-зоок жайлары эвакуациялык эшиктерин айрым учурда жаап коюшарын четке каккан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: