Өлкөнүн 3 облусунун укук коргоо кызматкерлери мышыкты темирге байлап алып, аны атып өлтүргөн адамды издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап алып аны пневматикалык куралдан атып жатканы тартылган тасма тараган. Тасмада болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы киши курал менен мышыкты атып өлтүргөн. Ал тасмада: “Азыр карап тургула, мышык өлөт. Дагы бир жолу атабыз, мына өлдү мышык”, – деп сүйлөгөн сөздөрү тартылган.
Аталган тасмага Жалал-Абад облусуна таандык 04KG 580 мамлекеттик номерлүү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны да көрүүгө болот. Кээ бир маалыматтарга караганда, окуя болжол менен Жалал-Абад облусунда болушу мүмкүн деп айтылууда.
“Тасмадагы адамдын ким экенин тактоо, окуя кайсы жерде болгонун аныктоо иш-чаралары жүрүүдө. Учурда ал адам кармала элек”, – деп маалымдашкан ИИМден.
Белгилей кетсек, Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.
Абайлаңыз!
https://www.youtube.com/watch?v=-5D6dVwM_iE
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ