Menu

Тажикстанда айрым ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы жогорулайт

Бөлүшүү:

Тажикстанда жаңы жылдан тарта коомдук тамактануу жайлары, окуу жайлар жана курулуш компаниялары үчүн кошумча нарк салыгы 18 пайызды түзүп калат. Акыркы беш жылдан бери бул мекемелер жеңилдетилген шартта кошумча нарк салыгын 5 пайыздан төлөп келишкен.

2013-жылы Тажикстанда кошумча нарк салыгын 18 пайызга чейин жогорулаткан жаңы Салык кодекси ишке кирген. Ал дароо эле эксперттер менен бизнес-коомчулугунун сынына кабылган. Жаңы кодекстин кемчиликтерин өкмөт өзү дагы моюнуна алып, бир жылдан кийин окуу жайлар, коомдук тамактануу жайлары жана курулуш компаниялары үчүн кошумча нарк салыгынын ченин убактылуу 18 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөткөн.

​Өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы салык саясаты башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта окуу жайлар, курулуш компаниялары жана коомдук тамактануу жайлары кошумча нарк салыгын стандарттуу чен менен 18 пайыздан төлөй башташат.

Министрлик жеңилдетилген чендин мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоору даярдалганын, бирок анын өкмөт тарабынан жактырылаар-жактырылбасы белгисиз экенин билдиришти. Ал ортодо өлкөнүн Салык комитети компаниялардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерине жеңилдетилген чендин жоюла тургандыгын эскертишүүдө.

Душанбедеги ашканалардын биринин ээси Теша Зухуров салыкчылар жаңы жылдан тарта кошумча нарк салыгы 18 пайызды түзө тургандыгын эскертишкенин ырастады. «Быйыл сууга жана электр энергиясына болгон тарифтер жогорулатылды. Кардарларды кармап туруу үчүн биз тамак-аштын баасын көтөргөн эмеспиз. Эми 1-январдан кийин бааларды жогорулатууга аргасыз болобуз», — деди ал.

Жеке мектептер менен лицейлердин жетекчилери дагы кошумча нарк салыгы жогорулай тургандыгы жөнүндөгү билдирүүлөргө тынчсызданышууда. «Биз эч нерсе өндүрбөсөк, эч нерсе сатпасак, эмнеге кошумча нарк салыгын төлөшүбүз керек?», — деп нааразылыгын билдирди өлкөдөгү алдыңкы лицейлердин биринин негиздөөчүсү Абдуфаттох Хоматов.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: