Menu

Казакстанда тез жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери киргизилүүдө

Бөлүшүү:

Казакстанда медициналык тез жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери киргизилди. Ага ылайык, тез жардам кызматкерлери келгенге чейин оорулууга медициналык билими жок адамдар да жардам көрсөтө алышат.

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдун буйругу менен шашылыш тез жардам көрсөтүү тобунун келүү убактысы да аныкталды. Буйрукка ылайык, тез жардам келгенге чейин бейтапка полиция, патрулдук кызмат, билим берүү, транспорт тармагындагы кызматкерлер жана өнөр жай ишканаларынын жумушчулары биринчи жардам көрсөтө алышат.

Министрликтен билдиришкендей, чакыруулар төрт категорияга бөлүнүп, тез жардамдын келүү убактысы да аларга жараша 10 мүнөттөн бир саатка чейинки убакытка деп белгиленди. Алсак, өмүрү менен саламаттыгына коркунуч жок бейтаптар тез жардам кызматын бир саатка чейин күтүшөт. Ошол эле маалда мындай жарандарды бейтапканалардагы шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмдөрүндө тейлөө пландалууда.

Бейтаптын өмүрүнө коркунуч келген учурларда тез жардам кызматы 10-15 мүнөттүн ичинде келиши керек. Ал эми адамдын саламаттыгына корунуч жаралган маалда медицина кызматкерлеринин келиши 30 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Эрежеге ылайык, бул категориядагы бейтаптар медициналык тез жардам станцияларынын деңгээлинде тейленет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: