Menu

Авиабилеттерди арзандатуунун жолдору тармактык комитеттин көчмө жыйынында талкууга алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети “Манас” эл аралык аэропортунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Жогорку Кеңештин депутаттары, көчмө жыйынга чакырылган министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү жапон грантынын эсебинен алынган техникалар менен таанышты. «JICA» уюмунун көмөгү менен келген жалпы суммасы 16 млн долларды түзгөн гранттык каражатка самолеттерду сүйрөй турган, кар күрөп-шыпыра турган атайын унаалар, жүк тартып, жеткирилген жүктү жүктөп кайра түшүрө турган унаалар, өрт өчүрө турган атайын автоунаа сатылып алынган. Көчмө жыйындын катышуучулары келген техникалык жабдуулар аэропорттун тейлөө ишин кыйла жакшыртып, сервистик кызмат көрсөтүүнүн сапаттык деңгээлин жогорулатарын белгилешти.

Андан соң комитет мүчөлөрү АКШнын техникалык жардамына курулган аэронавигациялык мунаранын ишинин жүрүшүнөн маалымат алды. Айтылган маалыматтарга таянсак, бул мунара самолеттордун учуп-конуусун көзөмөлгө алып, коопсуздугун камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Ал акыркы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен жабдылган.

Ошону менен бирге комитет мүчөлөрү аэровокзалдын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн жүгүн түшүрүү жана кабыл алуучу жайды көрүп, айрым учурда кездеше калып жүргөн уурулуктарга бөгөт коюу үчүн видеокөзөмөлдү күчөтүү жагын талап кылышты.

Көчмө жыйындын экинчи бөлүгүндө “Манас” эл аралык аэропортун жана аймактык аэропортторду өнүктүрүү тууралуу маалымат угулду. Айтылган маалыматка караганда “Манас” аэропортунун акыркы жылдардагы иштери жаман эмес. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жогорулоонун үстүндө. Жүргүнчүлөрдүн саны 3 млн адамдан ашкан. Салык, соцфонд жана башка төлөмдөр ашыгы менен аткарылган. 24 долбоор түзүлүп, ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө.

Антсе да “Манас” аэопорту менен бирге эле аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча депутаттар тарабынан бир катар суроолор коюлуп, шайлоочулар тарабынан айтылган сын-пикирлер авиакызматкерлерге жеткирилди. Аэропорттордогу ыңгайсыздык жараткан жагдайлар менен аэропорттун кызматкерлери тарабынан кетирилген кемчиликтерди жоюу кабыргасынан коюлду.

Комитеттин талкуусуна коюлган экинчи маселе – Республиканын ички маршруттары боюнча жүргүзүлүп жаткан авиакаттамдардын билеттеринин тарифтери тууралуу маселе болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына ички маршруттарга авиабилеттердин баасы туруксуз болуп, айрым учурларда өтө эле кымбаттап кетип жаткандыгы боюнча шайлоочулар тарабынан бир катар кайрылуулар болгон. Шашылыш учууга аргасыз болгон жарандарыбыз авиабилетти кымбат баада сатып алууга мажбур болгон учурларга да кездешип келген. Мына ушул социалдык жагдайды кантип жөнгө салуу маселеси ички каттамды тейлеген авиакомпаниялардын жетекчилери менен бирге талкууга алынды.

Авиакомпаниялардын жетекчилеринин айтымында, күн мурунтан алынган билеттер убактысынын узактыгына жараша 1500 сомдон 2500 сомго чейинки баада сатылат. Ал эми бүгүн-эртең учабыз дегендер зарылдыгына жараша билеттерди 4 миң, айрым учурдар андан да кымбат баада сатып алышат. Бирок, мындай кымбат баада сатылган билеттердин пайыздык катнашы, авиакомпаниялардын жетекчилеринин айтканына караганда, жалпы сатылган билеттердин 2,3 же андан да төмөн 0,8 пайызды түзөт экен.

Жогоруда айтылган маалыматтар боюнча КР Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров авиабилеттердин өздүк наркы 20 пайыздан жогору кескин кымбаттабаса, мыйзам ченеминен чыккан баа бычуу катталбаса кийлигишүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Бирок, авиабилеттердин баа саясаты боюча толук маалымат алган Жогорку Кеңештин депутаттары авиабилеттердин баасын турукташтыруу, баанын кескин айырмаланышына жол бербөө, авиабилеттердин баасынын жогорку чегин белгилөө боюнча сунуштарын айтып, жарандардын кайрылуулары боюнча бир чечимге келүүгө чакырды.

“Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген тармактык комитеттин төрагасы Марат Аманкулов: “Аталган көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча комитет айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен маселенин мыйзамдык-укуктук жактан чечилишине көмөк көрсөтөт”-дейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: