Menu

Сирия өкмөтү Женевадагы сүйлөшүүлөргө барбай турганы айтылууда

Бөлүшүү:

Сирия өкмөтүнүн делегациясы оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Женевага барууну кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу Reuters Сириянын өкмөттүк “Аль-Ватан” басылмасына шилтеме жасоо менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Дамасктын мындай чечими өткөөл мезгилге чейин президент Башар Асаддын отставкасын талап кылган оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү менен байланыштуу.

БУУнын атайын чабарманы Стаффан де Мистура Дамасктын Женевага барбоо тууралуу чечимине комментарий бере элек. Мистуранын кеңсесинен кабарлашкандай, оппозиция менен өкмөттүн кезектеги сүйлөшүүлөрү 28-ноябрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: