Москва шаарындагы тергөө органдары РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш ишин козгошту. Бул тууралуу уюмдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-декабрына караган түнү, Москва шаарынын Паустовский көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында, эки адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжалдын натыйжасында бири экинчисине бычак сайып, көкүрөк тушуна жаракат келтирген. Андан кийин ал окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен. Бычактан жаракат алган жабырлануучу медициналык мекемеге жаткырылган. Бирок ал алган жаракатынан улам көз жумган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого жана кылмышка тиешеси бар адамды камакка алууга багытталган тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин “ТАСС” маалымат агенттиги Москвада курьер болуп иштеген 19 жаштагы кыргызстандыкты бычактап, өлтүрүп салышканын жазып чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ