Menu

9 айдын жыйынтыгын караган Облустук коллегия өттү

Бөлүшүү:

Кечээ КР Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган кезектеги коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын 9 айынын жана IV кварталга милдеттер жөнүндө маселе каралды. Алгач Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов облус аймагындагы салыктын жыйымдары, көмүр өндүрүү жана өнөр-жай тармагы боюнча баяндама жасады. Мында жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол-планы 110,4% аткарылып, жергиликтүү бюджеттин казынасына 77,9 млн. сомго ашыкча чегерилген. Ал эми, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата өсүү темпи 111,3% аткарылып, жергиликтүү бюджеттин казынасына 83,7 млн. сомго ашыкча түштү.
Кышка даярдык боюнча Облустун аймагынын 144 жеринде көмүр сатуу боюнча пункттар уюшулду. Атап айтсак, Алай районунда-16, Араван районундп-20, Кара-Кулжа районунда-13, Карасуу районунда-47, Ноокат районунда-38, Өзгөн районунда-7, Чон-Алай районунда-3 жерде. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен облустагы көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан 348 мин 938 тонна көмүр казылып, өсүү темпи 74 пайызга аткарылган.
Ал эми, курулуш иштери боюнча айтып өтсөк Ош облусунда 122 обьектинин курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпысынан 2016-жылдын планына 969 млн. 285 мин сом акча каражаты каралып, бүгүнкү күндө 871 млн. 821 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ош облус боюнча 76 обьектинде курулуш иши жүрүп жатат. Калган 46 объектилердин курулуш иштери акча каражаты байланыштуу токтоп турат. Республикалык бюджеттен Ош облусунун аймагындагы объектилерге 2016-жылдын планына 167 млн. 990 сом акча каралып, бүгүнкү күндө 167 млн. 214 мин 200 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Азыркы учурда 34 обьектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен ушул жылга 8 обьект бүткөрүлөт.
2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен облус боюнча электр энергиясын техникалык жоготуу 12,8 пайызды түзгөн. Ош облусу боюнча пайдаланылган электр энергиясы үчүн дебитордук карыздын көлөмү 2016-жылдын 1-январында 184,8 млн. сом болсо, 2016-жылдын 1-октябрына бул көрсөткүч 164,8 млн сом түзүп 19,9 млн. сомго же 10,8 пайызга азайган. Аталган багытта жумуштарды алып баруу жана кышка карата даярдыктарды мыкты жүргүзүү жана элге арзан баада көмүр жеткирип берүү маселесин чечүүнү Өкмөтүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов райондук администрациялардын башчылары акимдерге, мекеме-ишкана жетекчилерине жана айыл жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: