“Бир чечилбеген табышмак бар, “тоок биринчи жаралганбы же тукумбу?” деген. Ошондой кырдаал 2005-жылы жана 2010-жылы болду. 2005-жылы революиядан кийин Кыргызстанда легитимдүү бийлик органы болбой калган. 2010-жылы да бир да легитимдүү орган болбой калган. Эки учурда тең тарых мага ошол бийлик органдарын түзүү миссиясын тапшырган экен, кыйын кезеңдерде эки жолу тең убактылуу бийлик органдарын түзгөнбүз.”, – деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
“Бүгүн президенттик аппарат жай заманда да мыйзамдарды одоно бузуп, конституцияга өзгөртүү киргизип, референдум өткөргөнү жатат. Мыйзам боюнча 1 айдан кем эмес убакытта кабыл ала турган мыйзамды 6 күндө кабыл алып жатасыңар. Бул конституцияны одоно бузгандык.
https://www.youtube.com/watch?v=EgUo4Rjmd_U
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ