Menu

Шайлообек Дүйшеев айткандай, тарых – таштанды челек эмес…

Бөлүшүү:

Азыр Казакстанда саясый кырдаал тынч эмес. Бийлиги кысса да, кыйнаса да эли толкуп жатат. Айтайын дегеним башка.

Учурда казак бийлиги (чоңу деле, кичинеси деле) “Шал кет!” деп жаалданып алган элине бизди мисал кыла бергенди токтотпой койду. Өткөндө казак бийлигинин өйдө жагындагы тыңчыкмасы: “Силер эмне Кыргызстандагыдай жашоону каалайсыңарбы?” деген эле. Кечээ болсо, Астанадагы ири бир жолугушууда маданият жана спорт министри А.Мухамбедиулы дегени “улуу жазуучу Ч.Айтматов “Ак кеме” романындагы кыргыздарга “абайлагыла” деп 30-40 жыл мурун эле коңгуроо каккан экен. Азыр карачы, ошол кыргыздарды. Алардын жап-жаш кыздары Москванын туалеттерин жууп жүргөнүн көрүп, зээним кейиди. Кыргызстандын келечеги жок” деп атпайбы. Биринчиден, “Ак кеме” роман эмес. Ал повесть. Роман менен повестин айырмасын билбеген “дөөпүрөс” неме кантип килейген бир өлкөнүн маданиятын жетектеп жүрдү болду экен? Экинчиден, Чыңгыз Айтматов ал чыгармасында таптакыр башка маселени көтөргөн. Үчүнчүдөн, казак министри кыргыз кыздарына “боору оорумуш” болгондой имитация жасаган менен сөзүнүн төркүнүндө “эгер биз митингдерди токтотпосок, так ошол кыргыздардай абалга тушугуп, биздин кыздар да башка өлкөнүн туалеттерин жууп калат” дегендей айтып жатат. Бул чиновникти казак интеллегенциясы өздөрү деле жыргатып жактыра беришпейт экен. Ар дайым сындын үстүндө жүргөнү айтылат. Туура, бизде эки жолу толкун болду. Бирок, эң негизгиси, мамлекетибиз чайпалбай, бүтүндүгүбүз сакталып калды. Жаратканым жакшылыгын берсе, акыры бакубат, бардар өлкөгө да айланаарбыз. Казактар төрөлө электе пайда болгон кыргыз кантип эле жок болуп кетсин? Анан калса, кыргыздарда адам баласындагы эң негизги байлык болгон эркиндигибиз бийик! Сый, урмат, меймандостук, боорукерлик деген ыйык сапаттар боюнча да кошуналардан жогору тураарыбыз анык. Буга тарыхтын өзү далил. Ал эми тарых деген Шайлобек Дүйшеев агайыбыз айткандай, “таштанды челек эмес”. Кезинде кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ишенаалы Арабаевдин  1916-жылы Уфа шаарынан жарыкка чыккан “Төтө окуу” деген китеби ошол кезде калкынын 2-3 пайызы гана кат сабаттуу болгон туушкандардын да көзүн ачкан. Билимге тарткан. Ал китеп бир эле кыргыздар эмес, казак элинин да алгачкы алиппесине айланган. Ал эми өткөн кылымдагы эң катаал 30-жылдарды кантип унутабыз? Ошол 1932-1933-жылдары 10 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алган улуу ачкачылык Украина, Волга боюндагы элдерди каптап, казак элин да куураткан. Ал туурасында белгилүү демограф Макаш Татимов (казак окумуштуусу) ошол жылдарда жалпы казактардын саны 4 миллион, 120 миң болгонун белгилейт. Ошондой эле аталган апаатта эки миллионго жакын же жалпы казактардын 49 пайызы каза болгонун эсептеп жазган эмгеги бар. “Социальная обусловленность демографических процессов” деген. Ошол кыргын туурасында акын Кубанычбек Маликов да өзүнүн бир нече чыгармаларында камтыган. Анда Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ары-жак, бери жагы жалаң ачкачылыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткени жөнүндө айтылат. Буларды эскергенибиз, ошондо кыргыз өзү ачка отурса да, казак тууганына жеген нанынын жарымын берген. Үйүнүн төрүнөн орун бошотуп, башпаанек кылган аларга. Болбосо жоготуу М.Татимов эсептегенден да көп болмок. Боорукер кыргызым ошондо канча казакты асырап, кийим-кечегин, тамагын берип ажалдан, гуманитардык катастрофадан сактап калды. Бул олчойгон тарыхий факт! Мээсинде акыл эси бар адамдар мындай апаат күндөрдөгү жакшылыкты эч качан унутпаш керек. Бул туурасында Казакстандын эл акыны, Казакстандын Кыргызстандагы экс-элчиси Мухтар Шаханов дал ушул ачарчылык мезгилди эскерген бир чоң жыйында: “Казакка кыргыздай дүйнөдө бир да эл күйгөн эмес” деп чын дилинен айтканы бар.

Дагы бир тарых ирмемине көз салып көрөлү. Ал 1986-жылдын 18-декабрындагы Алма-Ата шаарында болуп өткөн кандуу окуя. Аталган окуянын чыгыш себеби, ошол учурдагы тотолитардык системанын акыркы анабашчысы М.Горбачев улуттук менталитетти эске албай туруп, иш кылганында болгон. Казакстандын мурдагы жетекчиси Д.Кунаевдин ордуна Москвадан Колбин деген орус улутундагы адамды Казакстан компартиясынын биринчи катчысы кылып дайындайт. Мындай дайындоо казак элинин намысын ойготот. Нааразы болгон элдер аянтка чыгышат. Москванын буйругу менен аскер киргизилет да, ортодо кан төгүлөт. Ошол кезде кыргыз жаштары: “Казак туугандарга жардамга барабыз” деп катуу козголушкан. Дагы бир окуя. Ошондо Алма-Атадагы милициянын атайын отрядында иштеген кыргыз жигити: “Мен куралсыз жаштарга ок ата албайм” деп, аянтта турушкан күч органдарынын арасынан жалгыз гана ошо жигит куралын таштап баса берген. Муну ал кездеги казак студенттери азыр да сыймыктануу менен айтып келишет. “Желтоксон окуясы” аталып, тарыхка кирген бул кандуу көтөрүлүш ошондо Н.Назарбаевди бийлик тепкичине алып келген. Азыр да, ушу тапта интернет булактарында кыргыз жаштары бейкүнөө камалып жаткан казак туугандарга боор тартышып, Казакстандын авторитардык бийлигин ашата сөгүп жатышат. Эгер акыйкат сөзүбүздү айтсак, казак бийлиги элинин ушундай чараларга баруусуна өздөрү жол берип жатат. Кыргызстанды мокочо катары мисал кылып жаткан туушкандардын айрым чиновниктери болсо, аман эле болушсун! Андайларды жалпы казак журтунун эмес, өз көмөчтөрүнө күл тарткандар десек болот. Бул алардын эл эсебинен шөкөттөлгөн май-көл жашоолорун сактап калганга болгон жандалбастоосу. Башка түшүндүрмө издөөнүн кажети да жок. Ал эми кимдин өлкөсүндө барчылык болуп, кимдин эли бакубат жашайт, ага келечек муундар күбө болот. Сөзсүз күбө болот… Айтмакчы, Казак Республикасынын маданият жана спорт министринин биздин өлкөнүн атуулдарына болгон өтө осол, тайкы, деңгээли төмөн билдирүүсүнө карата кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын билдирди.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: