Menu

Ысык-Көлдө оппозиция лидерлери Кадыров менен Асановду коргоо комитети түзүлдү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл районунда оппозиция лидерлери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду коргоо боюнча комитет түзүлдү. Бул бонча бүгүн  Кyrgyztodayге аталган комитеттин төрагасы, 7-апрель революциясынын баатыры Турсунбек Түмөнбаев билдирди.

Ошондой эле алар Кыргыз элине, президент Алмаз Атамбаевге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө 24-март күнү камалган оппозиция лидерлери Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановду бошотуу боюнча кайрылуу жолдошту.

“Сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби, революция өз максатына жеткен жок, кайсы гана тармакты албайлы өнүгүүү эмес, тескерисинче экономикабыз артка кетип, мамлекетибиз жардын кырында турат десек жаңылышпайбыз. Жок дегенде электр энергиясына болгон бааларды, элдердин шартына жараша кылып коюш керек эле, башка убадаларды айтпаганда да! Бирден бир революциянын максаты ушул маселе эмес беле, кана ошолор аткарылганы, баягы эле элдердин жонунан кайыш тилгенге уялбай эле өтүштү. Баары жетишип калгансып эми азыркы Атамбаевтик бийлик оппозицияны камап, коркутуп күч менен бийлигин сактап калууга жан уруп далбастап жатат. Акыркы айларда телефон тыңшоолор, аңдымайлар күч алууда, биз эмне 1937-жылга кайтып келдикпи!? Керек болсо ошол жылдары дагы 3 адамдын көрсөтмөсү менен камака алынып, далилденген гана учурда тийиштүү жазаларын алышчу. Эч кандай кыймыл аракет, мыйзам бузуулар болбосо деле сүйлөшүп койгондору үчүн үч айдан бери мыйзамсыз камакта күч менен кармап отурасыңар. Демек бүгүнкү күндө оппозиция өкүлдөрү эмес, ар бир жарандын укуктары бузулуп жатканбы деген ойго аргасыздан келесиң, ар бирибиздин баскан турганыбыз көзөмөлдө, телефон сүйлөшүүлөрүбүз тыңшоодобу? Таң калганыбыз, эми укук коргоо органдарынын башка кылаарга иштери жокпу. Андай эле коррупция менен аёсуз катуу күрөшүп жатышса, эмне себептен арадан 2 ай убакыт өтсө дагы Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык иштеринин бети ачылбай,  мамлекетке келтирилген бир жарым миллиард сом өндүрүлбөй, акчаны ичип жеп коюшкан чиновниктер жоопко тартылбай камалбай отурат!? Мыйзамдуулук, калыстык кайда!? Мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керек.

Эскертип айтсак, Акаев дагы, Бакиев дагы күч колдонуп, уруп, сабап, өлтүрүп, камап дагы бийлигин сактап кала алышкан эмес. Жогорудагылардын негизинде Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановду коргоо комитети бийликке төмөндөгүдөй талаптарды коёбуз:

1. Мыйзамсыз 3 айдан бери камакта жатышкан оппозиция лидерлери Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановду тез аранын ичинде бошотуу;

2. Саясий куугунтукту токтотуу.

Талаптар аткарылбаса ар кандай мөөнөтсүз акцияларды башталаарын билдиребиз”, — деп айтылат кайрылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: