Menu

Коомдук ишмер Розетта Айтматова: «элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жаатында аял-депутаттардын ролу зор»

Бөлүшүү:

КР Президентинин Жарлыгы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланды. Өтө мыкты демилге болду. Анткени, аялдардын катышуусусуз жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын. Кыргызстандын айылдык кеӊештеринин 86 пайызында аял-депутаттар жок. Бул тууралуу Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти Розетта Айтматова Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүүдө айылдык кеӊештердин, анын ичинде элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жаатында аял-депутаттардын ролу зор. Айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын саны 10 пайыздан ашпайт. Ошондуктан, мыйзам кабыл алып, алардын санын бери дегенде 30 пайызга чейин жеткирүү зарыл. Жогорку Кеӊеш биздин өтүнүчүбүздү эске алуу менен, мыйзамды тездетип кабыл алып берет деген ишеничте турабыз. Ал аялдарга арнаган эӊ сонун белек болор эле», – дейт Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: