Menu

Акыйкатсыз сот тармагына коомчулук майрамда митинг “белек” кылышты

Бөлүшүү:

5-март өлкөбүздө Ак калпак күнү гана эмес, соттордун да кесиптик майрамы болчу. Бирок, Р.Карасартова баштаган жарандык коомдун өкүлдөрү фемида өкүлдөрүн куттуктоонун ордуна “Биз коррупционер сотторго каршыбыз”, “Долой коррумпированных судей?”, “Негизсиз камалгандар бошотулсун!” деген ураандарды жазып алып акция өткөрүштү. Алгач эски аянтта саат 10:00дө башталган иш чара бир саат Жогорку соттун имаратынын алдында болуп, андан соң дагы бир саат Ак үйдүн алдында улантылды. Уюштуруучулар мындай кадамын президент С.Жээнбековдун жакында Коопсуздук кеңешинде сот, прокуратура, милиция органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу кадамын колдоо ниетинде жасалып жаткандыгы менен түшүндүрүштү. Адилеттик деген сөздү унутуп коюп, жалаң акча менен чечим чыгарып калган соттордон запкы жегендер ушунчалык көп окшойт, саясый митингдерден айырмаланып, эч ким акча бербесе деле Ош, Талас, Нарындан бери келген жүздөгөн адамдар акцияга катышып, өздөрүнүн арыз-арманын айтышты. Ошол эле учурда миңдеген адамдар “Фейсбукта” лайк басып отурушту. Тилекке каршы ЖК депутаттары да, президенттин өкүлү да акциянын катышуучулары эки саат боюу кыйкырып, ММК, социалдык тармактар аркылуу маалымат берилгендигине карабай соттор тууралуу өлкө башчысына багытталган катты алып коюшкан жок. Ошентип ызырынган эл туура бир айдан кийин, 7-апрелде кайра чогулушарын айтып тарап кетишти…

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: