Кыргыздарда “Жоо кеткенден кийин, кылычыңды ташка чап” деген жакшы сөз бар. Айтайын дегенибиз алтынчы чакырылыштын “аут” кетерине алты ай калганда спикерди алмаштыруу канчалык реалдуу? Же бул катардагы эле “кашаң” пиарбы? Шыкмаматов айтмакчы: “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Парламентарийлердин бири орусча окуй албаса, экинчиси кыргызча сүйлөй албайт. Анын үстүнө төраганы төрдөн шыпырууну каалаган күчтөр жок эмес. Бул ошолордун оюну” – деп билдирди. Ою бузук оюнчуларда кызык экен, ашуудан ат алмаштырбайт дегенди билбесе керек. Аз убакыт калганда убара болбой шүк эле олтурсаңарчы деген киши жок.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ