Menu

Жулиани Трамптын күнөөсүз экенин далилдеген документтерди тапканын билдирди

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамптын адвокаты Руди Жулиани Будапешт, Вена жана Киевге жасаган сапарлары учурунда президенттин күнөөсүз экенин далилдеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана документтерин топтоп келгенин билдирди.

Жулиани ишинин жыйынттыктарын “Твиттерге” жарыялап турууга убада берди. Азырынча анын баракчасында республикалык One America Network телеканалы үчүн тартылган даректүү тасмалардан бир нече ролик жарыяланган. Видеолордун биринде Украинанын мурдагы башкы прокурору Виктор Шокин маек берип, АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден уулунун ишмердүүлүгүн иликтөөгө жолтоо болуу үчүн аны отставкага кетиртүүгө аракет жасаганын айткан. Шокин аны ууландыруу аракети да болгонун кошумчалаган.

Импичмент ишинде күбө катары көрсөтмө берген америкалык мамлекеттик кызматкерлер Трамптын Украинадагы саясатынын калыптанышында Жулианинин ролу чоң экенин белгилешкен.

Маселен, Жулиани жакында Европага барганда Украинанын мурдагы башкы прокурору Юрий Луценко жана Жогорку Раданын эки депутаты менен жолуккан.

Сенаттын юридикалык комитетинин башчысы Линдси Грэм Трамптын юристи импичмент маселеси каралып бүткөндөн кийин комитет жыйынына чакырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Эгер Өкүлдөр палатасы Трамптын импичментин колдосо, Сенатка кайсы күбөлөр чакырылары так айтыла элек. Бир катар республикачылар Жо Байдендин уулу Хантерди, демократтар Ак Үйдүн каржы кеңсесинин башчысы Мик Малвэни менен улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Жон Болтондун чакыруу зарылдыгын билдиришүүдө.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: