Menu

Элчи Эдил Байсалов экс-депутат Чолпон Жакупованы элди түштүк-түндүккө бөлгөн журт бузар деп айыптады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-декабрда Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы Кыргызстандын элчиси Эдил Байсалов коомдук ишмер, “Адилет” укуктук клиниканын башчысы, экс-депутат Чолпон Жакупова өзүнүн Facebook баракчасына кыргызстандыктарды түндүк-түштүккө бөлүп жатканы боюнча айтып, журт бузар деп айыптады. Бул жөнүндө дипломат өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Лондондо таң атты! Кутмандуу таңыңар менен, эл-журт, кандайсыңар? Мен саясый иштерге кийлигише албайм. Бирок элди экиге бөлүп жатканда, унчукпай олтура албайм. Биз бардыгын – жакырчылыкты, уурулукту, кемчонтойлукту жеңсек болот. Бирок чогуу гана. Ал эми башкаларды кантип жашаш керек экендигине үйрөткөндөр, элге баарынан зыян алып келет. Ушуну түшүнүшсө жакшы болот эле, мындай кылууга болбойт. “Эжеке” мени блокко тыгып салды. Элге асылбасынчы, элчиден ага салам айтып койгула”, – деп Байсалов жазган.

Көрсө, Жакупова пост жазып, кайсыл бир “түндүктүктөрдү 15 жылга кесип, а түштүктүктөрдү айып пул менен бошотуп жиберишкен” дегенин элчи сынга алган экен. Ошондой эле Байсалов скриншот жасап, “Адилет” клиникасынын башчысы “артка кетүүгө даярдана бергиле, бечара, аркалыктар” дегенин келтирген.

        

Ошондой эле Эдил Байсалов анын сынынан кийин Чолпон Жакупова өзүнүн трайбалисттик-регионалисттик постун өчүрүп, аны “кара тизмеге” киргизип, блоктоп салганын кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: