Ажо болом деп антаңдап жаткан Темир Сариев бюджетин, каржы булагын тактабай туруп популисттик менен баштап салган Балыкчы-Корумду жолу ара жолдо токтоп турат. Азабын жергиликтүү калк тартып, уңкур-чуңкур жолдун чаңын жутуп, быйылкы жайкы сезондон дагы куру жалак калат экенбиз дешип кооптонушууда. Жол куруп жаткан “Лонг-Хай” компаниясы өкмөттөн акча которулбаса кантип иштейбиз дешип алакан жайышып, жумушчулар айлыктарын ала алышпай ит эле болуп жатышат. Өкмөт башчысы Сооронбай мырза бул ойрону чыккан ишти көзөмөлгө албаса, туристтер менен конокторго шермендебиз чыгып, уят болобуз го. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” койгон Сариев шакмарын шалдыратып, президент болмокчумун деп чамынууда. Абийир жок тура…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ