Menu

ОшМЮИде ишембилик эмгек майрамына айланды

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучулар курамы жана студенттери эрте таңдан ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

Алар жогорку окуу жайдын короосун  тазалап, бак-дарактарды акташты. Өстүрүлүп жаткан гүлдөрдүн, дарактардын  астын чаап-жумшатып, жөөк тартып чыгышты. Ал эми институттун жамааты көтөргөн «Шаардын талазылыгы үчүн» деген демилгени колдогон бир топ студенттер  Ош шаарынын Манас ата кичи районунун аймагында ишембилик өткөрүштү. Жаштык кайраты менен иштеген студенттер аймактагы көчөлөрдү таштандылардан арылтып, жолдун чекелериндеги  арыктарды чаап, шаардын көркүнө көрк кошушту.

-Ишембиликти уюштуруубуздун  негизги максаты жаштарды эмгекке көндүрүү менен тазалыкты сактоого үйрөтүү, -дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.

Бул күнгү ишембилик аталган жогорку окуу жайдын жамааты үчүн чыныгы эмгек майрамына айланды. Анткени уюшкандыкта өткөрүлгөн ишембиликтин демилгесине кошулган дагы бир топ студент жаштар Ак-Буура дарыясынын жээктерин таштандылардан тазалап, иретке келтиришти. Шаардын тазарышына татыктуу салым кошкон жамааттын маанайы да майрамдагыдай көтөрүнкү болду.    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: