Menu

Урмат Мырзакматов, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин жетекчиси: “Алдыда малды асылдандыруу анын генетикалык ресурстарын сактоо иштери жүргүзүлөт”

Бөлүшүү:

Жакында эле Айыл чарба министрлигинин бир топ түзүмдүк бөлүмдөрүндө оптималдоо жүрүп, Жайыт департаменти өзүнө мал жана балык чарбасын кошуп бир түзүм болду. Жаңы түзүлгөн департаменттин жетекчиси Урмат Мырзакматов оптималдоо жүргөндөн кийинки департаменттин перспективалары туурасында маек курду.

– Өзүңүздөр билгендей, Айыл чарба министрлигинин алдындагы департаменттер 2016-жылдын аягы менен оптимизация болуп, биздин департамент үчүн көп маселелерди комлекстүү караганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Департаменттин негизги максаты – өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүү үчүн жайыт экосистемаларын алардын инфраструктураларын жакшыртуу, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү, аквакультураны өнүктүрүү болуп эсептелинет. Ал эми милдеттери жайыттарды пайдалануу жана жакшыртуу, мал чарбасын башкарууда, пайдаланууда жакшыртуу жагындагы илимдин жана техниканын акыркы жетишкендиктерин өндүрүшкө кийирүү болуп саналат.

– Өтүп кеткен 2016-жыл департамент үчүн кандай жылдардан болду?

– Жайыт чарбасы боюнча айтсак, фермерлер үчүн абдан жакшы жылдардан болду. Климаттык шарттан алганда жаанчыл болуп, түшүм мол болуп, малыбыз семиз болду. Жайыт пайдалануучулардан 121 миллион сомдон ашык акча каражаты топтолуп, бул 2015-жылга караганда беш жарым миллион сомго же 4% көбүрөөк жыйналды. Алыскы жайыттарды пайдалануу менен жайыттардын абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Өткөн жылдын эсеби менен 2700 километр жайытка кетчү жолдор оңдолду, 11 көпүрө салынды. 205 көпүрөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. 103 каптажга ремонт болду. Жаңы беш каптаж салынды. “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга жаңылануу киргизилди. Ал өзгөртүү жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган бардык акча каражатынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес (салыкты кошкондо) жергиликтүү бюджетке жиберилип турушу керек. Мурда мындай бөлүнүү болгон эмес. Жайыт комитеттери жергиликтүү бюджетке акчаны жергиликтүү бийликтин чечими менен беришчү. Мисалы, 2014-жылы республика боюнча 130 млн. акча каражаты чогултулса, андан жергиликтүү бюджетке 18 млн. сом акча берилген. Жаңы жобо боюнча бул 43 млн. сомду түзмөк.

Бул багытта бизге республиканын бардык облустарын камтыган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1, 2” жана “Жайыттарды башкарууну жакшыртуу” долбоорлору жардам берип жатат.

Жайыттарга инфраструктураларын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ушул долбоорлордун каржылоосунун алдында жүрүп жатат. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 2” долбоорунун алкагында 18 демонстрациялык тилкелер уюшулду.

Балык чарбасы боюнча дагы көптөгөн өзгөрүүлөр бар. 2016-жылы эки миң жыйырма тонна балык өндүрүлдү. Бул 2015-жылга салыштырганда 25-30%га көп.

Ал эми мал чарбасы боюнча айтсам, учурда малды сандан сапатка өткөрүү боюнча иштеп жатабыз. 2015-жылдын жыйынтыгы менен 140 дыйкан чарбалары асыл тукум деген статусун алышты.

Жалпысынан 2016-жылы 81 миңден ашык уйдун башы жасалма уруктандырылып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 миңге көп. Алдыда малды асылдандырууда анын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча семинарларды өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: