Menu

Мирзиёевдин күйөө баласы Азиянын Олимпиада кеңешинин вице-президенттигине көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Өзбекстан президентинин кенже күйөө баласы Отабек Умаров Азиядагы Олимпиада кеңешинин (ОСА) вице-президенти кызматына көрсөтүлдү.

Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин чукул жыйынында 16-декабрда Оманда өтө турган Азиянын Олимпиада кеңешинин Башкы ассамблеясына даярдык көрүү маселелери талкууланып, кеңештин вице-президенттигине көрсөтүлгөн талапкер каралды. Бул тууралуу Өзбекстан Улуттук Олимпиада комитети билдирди.

Маалыматта 2025-жылы Ташкентте IV Азия оюндары өтөрү, буга байланыштуу Азиянын Олимпиада комитети менен мамилени жакшыртуу Өзбекстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экени белгиленген.

Ушул тапта Отабек Умаров борбор азиялык MMA конфедерациясынын башчысы болуп эсептелет.

Өзбекстан Азиянын Олимпиада комитетинин вице-президенттигине биринчи жолу өз талапкерин көрсөтүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: