Бүгүн, 10-декабрда Бишкектеги Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өтүп жатат. Митингчилер парламентти таркатууну талап кылып, аны легитимсиз деп аташууда.
Митинг көбүнчө парламент депутаттары өткөн “Ак үйдүн” кире беришинде өтүп жатат. Чогулгандар колдоруна бир нече плакаттарды көтөрүп алышкан. Ал плакаттарда жазуулар жазылган. “Уят!”, “Таркагыла!”, “Чык эшикке!”.
Чогулгандардын катарында Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова жана башкалар бар.
Эске сала кетсек, ушул эле нааразычылык акциясы парламенттин имаратынын алдында кечээ, 9-декабрда болгон. Анда Жогорку Кеңеште депутаттар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун карап жатышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев азыркы иштеп жаткан парламент легитимдүү деп айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ