Тажикстандагы мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын алдында Байкоочу кеңештер түзүлөт. Учурда «Мамлекеттик ишканалар тууралуу» мыйзамга сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөрдү тажик парламентинин төмөнкү палатасы карап жатат.
Байкоочу кеңештерди түзүүнүн максаты — көзөмөлдү күчөтүү менен ири өнөр-жай ишканаларындагы коррупцияны жоюу.
Өзгөртүүлөргө ылайык, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ишкана жумушчуларынын арасынан тандалып, жетекчиликтин ишин көзөмөлдөй алышат. Директор кандайдыр бир чечим чыгарууда алгач кеңештин макулдугун алышы керек болот.
«Байкоочу кеңештер ишканадагы каржылык отчёттордун ачыктыгын жана жылдык жыйынтыктарын талкуулайт. Жеке ишканалардагы мындай кеңештер алардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылып келет», — деди тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Олимжон Бобоев.
Тажикстандын Статистика агенттигинин маалыматына караганда, өлкөдө 2 миңден ашык өнөр-жай ишканасы каттоодон өтсө, алардын 250сү тоо-кен, 1 715и кайра иштетүү жана 76сы электр энергиясы менен камсыз кылуу тармагында иштейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ