“Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп айыпталган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров өлкөдө саясий кризис курчуганын, буга оппозициялык саясатчыларды камоо себеп болуп жатканын айтышып, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызматтан бошотууну талап кылып «обон» созушту. Талаптары аткарылбаса, кайрылуу ээлери “кургак ачкачылык” баштай турганын айтышкан. Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ