Menu

Каирде «жоголгон» казакстандыктар Египет полициясы тарабынан кармалган

Бөлүшүү:

Каирде изделип жаткан алты казак студенти Египеттин укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков журналисттерге билдирип, студенттердин өмүрүнө коркунуч келбегенин айтты.

Анын билдиришинче, учурда Казакстандын Каирдеги элчилиги студенттердин эмне үчүн кармалганын тактап жатат. Мурдараак Жайнаков студенттер экстремисттик идеологияларга азгырылган болушу мүмкүн деген версияны жокко чыгарган.

Бүгүнкү күнгө карата эки студенттин аты-жөнү белгилүү. Алар Канат Берик менен Еламан Жазылхан. Туугандарынын айтымдарында, алар 20-июлдан бери байланышка чыкпай калышкан. Студенттердин жоголгондугу тууралуу маалымат пайда болгондон кийин Казакстан ТИМи жардам сурап Египетке кайрылган.

Жайнаков бул маселе боюнча казак элчиси менен Египеттин ички иштер министринин орун басарынын жолугушуусу күтүлүп жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: