Кечээ, 27-январда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри Хайко Маастын эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун 2019-жылы Германия Федеративдүү Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды, ошондой эле региондук өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Германиянын тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгесинин алкагында климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн ээриши, курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо маселелери боюнча кызматташууга өзгөчө көӊүл бурулду. «Жашыл Борбордук Азия» жаңы демилгеси Европа Бирлигинин Борбордук Азиядагы жаңы Стратегиясына ылайык ишке ашырылат.
Тараптар жогоруда белгиленген Германиянын ТИМ Демилгесинин алкагында «жашыл экономика» чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Германиянын 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында Европа Бирлигиндеги төрагалыгын эске алуу менен КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Х.Маасты ушул жылы жайында Кыргызстанда өтө турган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Жалпысынан, министрлер кыргыз-герман кызматташтыгынын өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирип, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ