Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин өтө чабал жетекчи экендигин көптөн бери айтып келебиз. Нарын районуна келгенге чейин Ак-Талаа районунун акими болуп эмгектенген Семетей Черикбаевдин артынан узун сабак сөз ээрчип, тендер боюнча укмуш кептер айтылып, ал жактан кетип атканда «ургаачы тай» деген «кличкалуу» да болуп кеткен жайы бар. Көрсө Семетей мырза жаңы жумушка киргизген жаш кадрлардан тай алчу тура. Эркек тай алып келгендерден «суранчу» экен, ушуну ургаачы кылып алып келип бериңизчи деп. Аким башы менен суранып атса, тай алып барган киши деле уялганынан айтканындай кылып алып келип берет да.
Ошентип анекдот болуп атып кеткен Ак-Талаадан. Эми Нарынга келип алып деле олтурат. Өткөндө Солтон-Сары алтын кенинин иштеши боюнча маселе жаралганда Нарын районунун акими катары Черикбаев өзүнө тиешелүү милдеттерди аткара алган жок. Олтурду го былтыйып эт менен челдин ортосунда. Болбосо аким катары өз жүзүн, позициясын көргөзөт эле го…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ