Бүгүн, 5-март күнү Бишкек шаарындагы Түштүк Магистралдан жеңил автоунаа жөө жол жүрүүчү жолдон 22 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Алардын айтымында, “Ниссан” үлгүсүндөгү автоунаанын 27 жаштагы айдоочусу болжол менен саат 14:10дө Байтик Баатыр көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө бурулуп жаткан маалда жаш кызды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабыркаган кызды Бишкек травматология жана ортопедия борборуна жеткиришкен. Анын абалы туруктуу.
Учурда милиция кырсыктын чоо-жайын териштирип жатат. Унаа айып короосуна киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ