Menu

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун жүрөгү да, өпкөсү да КСДПда экен

Бөлүшүү:

“Мен КСДП партиясынан кадр катары Жалал-Абад шаарына мэр болуп келгенмин, кызматтык кызыкчылык менен башка кайсы бир партияга жан тартпаймын. Менде андай адат жок”, – деп билдирди Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов айрым гезиттерде өзү тууралуу жарыяланган маалыматтар боюнча.

Эске сала кетсек, “Ачык саясат плюс” гезитинин өткөн сандарында Салайдин Авазов кызматтык кызыкчылык үчүн КСДП партиясын чанып, эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясына көз артып жатканы, жүрөгү КСДПда, өпкөсү “Өнүгүү-Прогресс” партиясында экени тууралуу жазып чыккан. Бул боюнча С. Авазовдун пикирин сураган журналисттерге таркатылган маалыматтын калп экенин билдирди.

-Мен эч качан кызмат үчүн же башка кызыкчылык менен партиядан партияга орун которуп, позициямды алмаштырган эмесмин. Мага өлкө башчысы, КСДП партиясы чоң ишеним менен Жалал-Абад шаарына мэрликке сунуш кылышкан. Алардын ишенимин актоо үчүн шаарда өзгөрүү жасаганга аракет кылдым. Акыркы эки жыл ичинде шаарда өнүгүү, курулуш жана бурулуш жылы болду. Аны эл көрүп турат. Эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясына кызыгып, тымызын ошол жактын ырын ырдап жатат деген сыяктуу маалыматтар жалган, ушак маалыматтар. Аларга ишенбеш керек, – деди ал.

Ал эми Жалал-Абад шаарында КСДП партиясы көпчүлүк мандат алып, бирок көпчүлүк коалицияга кирбей калгандыгын, эми анын тагдыры кандай болорун сураганыбызда С. Авазов минтип жооп берди:

-Депутаттар шайланып, мандаттарын алышты. Эми алар шаардык кеңештин ишин башташса, төраганы шайлашса, андан кийин мэрдин тагдыры чечилет. Мен мэр боломбу же болбоймбу, аны тагдыр көрсөтөт. Мен кызмат үчүн тырмышпаймын. Эгер мэрлик кызмат башка бирөөгө буюрса, ага ийгилик гана каалаймын, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: