– Сот туура эмес кылып атат деп ойлойм. Анткени, адам өтө оор акыбалда. Рактын дагы эң жогорку деңгээли болуп калыптыр. Адамгерчилик кылып, сөзсүз бошотуш керек. Себеп, ошол эле соттор учурунда Батукаевди деле бошотушкан, өздөрү жолун таапчы. Кармап отурган адамгерчиликке туура келбей калат. Азыр жаңы кодекстер кабыл алынды, кээ бир жазалар жеңилдетилди. «Гумандуу болду» деп атабыз. Адам эң оор акыбалда турат, андан коомго эч кандай зыян деле келбейт. Ошондуктан, бошотуп эле койгону туура болмок.
Керим Мурас
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ